• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы Германиядан келген инвесторлор менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынан келген ишкерлер делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, делегация Кыргызстанга кызматташтыкты улантуу, өнүктүрүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы өлкөнүн потенциалын изилдөө максатында келген. Герман ишкерлери 2023-жылдын ноябрь айында Гамбург шаарында Кыргызстандын Германиядагы Экономика күнүнүн алкагындагы иш-чараларга катышкан.

Тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү, атап айтканда, күн электр станциясын куруу жана мындан аркы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий