• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министрдин тапшырмасы министрлерге 3-4 күндө жетип атат – Исаков

Өкмөт 0

Бишкек, 20.12.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бүгүнкү күндө премьер-министрдин берген тапшырмасы министрлерге 3-4 күндө жетип атат. Бул тууралуу “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, буга байланыштуу министрлер тарабынан тапшырмалар жай аткарылууда.

“Мындай болбошу керек. Тапшырма бат аткарылууга тийиш”,-деди ал.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, электрондук документ алмашуу системасы 2019-жылга киргизилиши керек болчу. Байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов 2018-жылдан тарта долбоор ишке ашырыла тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий