• 88.68
  • 95
  • 0.95

Пекин шаарында Кыргызстандын тоо демилгелери тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Пекин шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгында "ШКУга мүчө мамлекеттердеги экологиялык коопсуздук" темасында тегерек стол өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү, ШКУ катчылыгынын жетекчилиги, Кытайдын Экология жана айлана чөйрө министрлигинин, Бүткүл Кытай курчап турган чөйрө федерациясынын жана БУУнун системасынын өкүлдөрү катышып сɵз сүйлөштү.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Кыргызстандын өлкө ичинде жана эл аралык аренада тоолорду туруктуу өнүктүрүү, тоо экосистемаларын коргоо маселелери боюнча аракеттери жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө катышуучуларга маалымат берди.

БУУнун башкы ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясын кабыл алуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, ага 110 мүчө-мамлекет авторлош болгон деп маалымат берилди. Бул документ 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялады.

БУУнун резолюциясын андан ары ишке ашыруу максатында президент Садыр Жапаров "2023-2027-жылдар мезгилин Кыргыз Республикасында тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкка кол койду, ал эми КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан "2023-2027-жылдар аралыгында тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча улуттук "Жол картасы" бекитилди.

Ошондой эле "Тоо беш жылдыгынын" жыйынтыктоочу этабы катары 2027-жылы Кыргызстанда "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландалып жатканы белгиленди.

Иш-чаранын соңунда кыргыз тарап Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жана "жашыл" экономика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө чет өлкөлүк инвесторлор менен биргелешип иш алып барууга кыргыз тараптын даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий