• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КР мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык топтун I отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Экономика жана финансы министрлигинде КР мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасы вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков, төраганын орун басары юстиция министри Асел Чынбаева болду.

Аталган топтун курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, көз карандысыз эксперттер, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирди.

Ведомстволор аралык эксперттик топтун алдында Кыргыз Республикасынын кабыл алынган концепцияларын, стратегияларын, программаларын жана мыйзамдарын республиканын мыйзамдарына ылайык келтирүү предметине инвентаризациялоо боюнча масштабдуу иштерди өткөрүү милдети турат.

Ошону менен бирге, инвентаризациянын жыйынтыктары боюнча аталган топко чен белгилерге жооп берген жана укуктук вакуумду жокко чыгарган жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жана күчүнө киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылган.

Белгилей кетсек, Ведомстволор аралык эксперттик топтун курамы 6 (алты) эксперттик топтон турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун тексти менен кененирээк төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/218459/10?cl=ky-kg&mode=tekst

Отурумду Ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасы вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков ачып, эксперттик топтун алдында колдонуудагы Кыргызстандын мыйзамдарын жаңылоо жана мезгилдин рухуна, коомдук керектөөлөргө, илимий мамилелерге жана практикалык тажрыйбага жооп берген, эл аралык-укуктук стандарттарга ылайык келген ченемдик укуктук базаны түзүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүү милдети турат деп белгиледи.

Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун төрагасынын орун басары Асел Чынбаева ченемдик укуктук актыларды жана документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана республиканын калкынын кызыкчылыгына ылайык келтирүү максатында кылдат инвентаризациялоону жүргүзүү зарыл экендигин белгиледи, ошондой эле бардык катышуучуларга жемиштүү иш каалады.

Азыркы учурда Ведомстволор аралык эксперттик топ иш регламентин, мыйзамдарды инвентаризациялоо чен белгилерин бекитүүнүн жана эксперттик топтун иш-чаралар планын түзүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгын белгилей кетүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий