• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте «Кыргыз таануу» темасы боюнча лекция уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Бишкекте «Кыргыз таануу» темасы боюнча лекция уюштурулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаковдун демилгеси менен А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драм театрынын залында муниципалдык администрациясынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жана активисттер үчүн мазмундуу лекция өткөрүлдү.

Лекциянын баяндамачысы «Бакдөөлөт» коомдук фондунун директору Мелис Мураталиев болду. Иш-чаранын жүрүшүндө угуучулар суроолорду узатып, жооп алышты.

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарынын руханий-адептик өнүгүүсүн калыптандырууга салым кошуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий