• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин талабына жооп берди

Коом 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин талабына жооп берди.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери шаардык кызматтын мурдагы жетекчисин кайра дайындоо талабы менен митингге чыгышты.

“Бирок, мурунку жетекчиликтин 2019-2020-жылдар аралыгындагы ишинин жүрүшүндө КР Эсеп палатасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Тактап айтсак, Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында абоненттер менен иштөөдө мыйзам бузуулар аныкталган.

“Бул иш Бишкек шаардык кеңешинин токтомун бузуу менен жүргүзүлүп, 7 339 300 сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле, бекитилген сметада каралбаган тейлөө кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча 42 321 900 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. КР«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузулгандыктан дал келбеген сумма 35 348 300 сомду түзгөн”, - деп түшүндүрүштү мэриядан.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги КР мыйзамдарына ылайык Эсеп палатасынын даярдалган корутундусунун алкагында зарыл чараларды көрөт.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан «Тазалык» МИнин 2019-2020-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 54 882 000 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган.

Анын ичинде:
-25 793 900 сом - келишимдерди негизсиз түзүү, жасалма өткөрүлгөн конкурс, аванстык төлөмдөр жана башкалар;
- 15 707 000 сом - муниципалдык заказдын эсебинен негизсиз сый акы акы төлөө;
- 6 101 800 сом - күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу;
- 4 558 400 сом - негизсиз орнотулган жана иштен чыгарылган тетиктер;
- 1 227 900 сом - товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги;
- 455 000 сом - каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу.

“Бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана зарыл чараларды көрүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүлдү”, - деп кошумчалашты мэриядан.

Борбор калаанын мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерин аткарууга жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий