• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада кыргызстандыктын тонолушу боюнча кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарында Кыргызстандын жаранынын тоноочулукка дуушар болгондугу жөнүндө маалыматка байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Элчиликтин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 28-ноябрында Москва шаарындагы Литовский бульварында белгисиз адамдар тарабынан Кыргызстандын Т.А. аттуу жаранына тоноо максатында кол салынган жана анын 100 миң АКШ долларын алып кетишкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө кол салган адамдардын бири кармалды.

Бул факты боюнча жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгиленгендей, бул маселе элчилик бул маселе көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий