• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Монголия парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

Сыйлуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Монголия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобуну жетекчиси Улан Бакасов тосуп алды.

Эскерте кетсек, расмий иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий