• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламент Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелге белгилөөнү жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүн, 11-марттагы жалпы жыйынында депутаттар экинчи жана үчүнчү окууда Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду 11-апрелге белгилөөнү жактырды.

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Жалпы жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү референдумду 11-апрелге белгилөөгө макулдугун берсе, алтоо каршы добушун берген.

Жогорку Кеңештин 3-мартындагы жалпы жыйынында депутаттар биринчи окуудан референдумду 11-апрелге белгилөөнү колдогон. Анда 87 депутат макулдугун берип, 9у каршы болгон.

Белгилей кетсек, референдум үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен биргеликте өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы жарлыгына ылайык түзүлгөн Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун карап, талкуулоодон кийин кайра демилгечилердин кароосуна жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий