• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңеш биринчи окууда референдумду 11-апрелге белгилөөнү жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин 3-мартындагы жалпы жыйынында депутаттар биринчи окууда Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге белгилөөнү жактырды.

Жалпы жыйынга катышкан 96 депутаттын 87си референдумду 11-апрелге белгилөөгө макулдугун берсе, 9у каршы добушун берген.

Кечээ, 2-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоону жактырган.

Эскерте кетсек, Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы жарлыгына ылайык түзүлгөн Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун карап, талкуулоодон кийин кайра демилгечилердин кароосуна жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий