• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Стамбул шаарында XXVII Евразиялык экономикалык саммит өтүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарында кезектеги XXVII Евразиялык экономикалык саммит өтүп жатат.

Парламенттен билдиришкендей, саммитке КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев катышууда.

Самиттин алкагында Нурланбек Азыгалиев «Каатчылыктан туруктуулукка, жалпы тынчтыкты курууга» аталышындагы маселе боюнча баяндама жасап, катышуучуларга Кыргызстандын аймактагы стабилдүүлүктү орнотууга кошкон салымы тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле "Климаттык каатчылык, экология жана энергетика маселелери” темасында да баяндама жасап «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» программасынын алкагында климаттык, экологиялык жана энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү багытында кыргыз парламенти тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.

“Кыргызстан климаттык кырдаалды жөнгө салуу, экологиялык жана энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү багытында бир катар иштерди алып барууда. Ал эми Жогорку Кеңеш керектүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, анын ичинен айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык таза технологияларды жайылтуу жана жашыл экономиканын үлүшүн жогорулатуу жаатындагы мыйзамдарды колдоп келет”, – деди Нурланбек Азыгалиев.

Белгилей кетсек, XXVII Евразиялык экономикалык саммитке дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн келген депутаттар, министрлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий