• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайлык компания Нарынга шамал жана күн электр станциясын курууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. 21-январда энергетика министри Таалайбек Ибраевдин кытайлык "NBTC Limited" компаниясынын башкы директору менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушуунун алкагында Энергетика министрлиги менен "NBTC Limited" кытай компаниясынын ортосунда шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "NBTC Limited" компаниясынын башкы директору Цай Чжифан кол койду.

Меморандумдун негизги максаты эки тараптуу кызматташтык мамилени тереңдетүү, ошондой эле Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунун Кызарт жана Семиз-Бел участокторунда шамал жана күн электр станцияларын куруу болуп саналат.

Энергетика министрилиги кытайлык "NBTC Limited" компаниясы менен кызматташат

Пикир

Оставить комментарий