• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкованын 100 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңеште мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары, улуу окумуштуу Зууракан Иманкалыкованын 100 жылдык маарекесине карата илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Зууракан Иманкалыкованын жакындары жана туугандары катышты.

Конференциянын катышуучулары фотокөргөзмө жана Зууракан Иманкалыкованын жашоосу тууралуу тасма менен таанышты.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Зууракан Иманкалыкова өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон Кыргызстандын көрүнүктүү айымдарынын бири экенин белгилеп, конференциянын катышуучуларына Жогорку Кеңештин төрагасынын кайрылуусунун текстин окуп берди.

“Басып өткөн байсалдуу өмүр жолу жалпы кыргыз журту үчүн өрнөк болуп келе жатканы анык. Анткени жаштайынан билимге умтулуп, саясий айдыңда болобу, коомдук иштерде болобу калк үчүн тынбай кызмат кылып, илим изилдөө жаатында да алгылыктуу иштерди алып барган. 16 жашында алгачкы ишмердүүлүгүн ары татаал, ары сыймыктуу мугалимдик кесиптен баштап, келечек ээлерине билим берген. 25 жашында Талды-Суу райкомунун биринчи катчысы болуп дайындалып, кийин Ысык-Көл облусунун жаштар коммунисттик союзунун биринчи катчысы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана СССР Жогорку Советинин бир нече чакырылыштарына депутат болуп шайланып, 1954-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары кызматына барган”,- деди Жамиля Исаева.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кайрылуусунун текстин окуп берди.

Конференциянын катышуучулары өз эскерүүлөрү менен бөлүшүп, Зууракан Иманкалыкова жөнүндө айтып беришти.

Пикир

Оставить комментарий