• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Талант Мамытов Тоолуу Алтай мамлекеттик университетинде окуган кыргызстандык студенттер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.10.21. /Кабар/. Кечээ, 1-октябрда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Тоолуу Алтай мамлекеттик университетинде билим алган кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов, Искендер Матраимов жана Алтай аймагында жашаган мекендештер катышты.

Төрага Талант Мамытов студенттерди терең билим алууга үндөдү. «Кыргызстан билимдүү жаштарга муктаж. Андыктан талыкпай окуп, жетиштүү тажрыйба топтоп, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн кызмат кыласыздар деген ишеничтемин», - деди ал.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, бир катар маселелер талкууланды.

Алсак, чет жерде окуп бүткөн студенттерди кийин Кыргызстанда иш менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды.

Ал эми айрым студенттер туризм жаатындагы Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин билдирип, аны өнүктүрүү зарылчылыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Талант Мамытов Кыргызстан үчүн туризм тармагы артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгиледи. «Мүмкүнчүлүктөр көп. Бирок аны толук пайдалануу үчүн инфраструктураны жакшыртуу абзел. Ошондой эле чыныгы иш билги адистер да керек»,-деди төрага.

Андан тышкары, жолугушууда миграция саясаты, кош жарандуулук, транспорт маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий