• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте эки жаран баңгизат сатуу учурунда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкекте 398 грамм "гашиш" баңгизаты менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 27-ноябрда Бишкек шаарында атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Кыргызстандын жарандары 2001-жылы туулган Б.Э. жана 1980-жылы туулган Э.Б. кармалган.

2001-жылы туулган Б.Э. аттуу жаранга таандык спорттук сумкасын текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар төрт бурчтук формадагы 30 даана брикет табылган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар салмагы 398 граммды түзгөн "гашиш" баңгизаты болгон.

Учурда кармалган эки жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий