• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын шаарында коменданттык саат учурунда кармалган 8 адамдын алтоо мас болгон - Аалиев

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Нарын шаарында коменданттык саат учурунда 6 адам мас абалында кармалды. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, Нарын шаарында түндө коменданттык саатты бузган 8 жаран кармалган. "Кармалгандардын баарына протокол түзүлгөн. 8 жарандын ичинен 6 адам мас абалында болгон. Алардын ар бирине 5,5 миң сом айып пул салынган", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 466га жетти. Алардын ичинен 104ү медицина кызматкери. Коронавирустан 91 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек

Пикир

Оставить комментарий