• 88.68
  • 95
  • 0.95

Прокуратура тергөө функцияларынан четтетилди. ЖК мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун колдоду

Демилгечи – Кыргызстандын президенти.

Мыйзам долбоору прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган.

Талкууда депутат Элмурза Сатыбалдиев сот адилеттүүлүктүн башаты тергөөдөн башталарын айтып, президент ишеним берип жаткан сон, тергөөнү талашып-тартышпай калыс алып барууга чакырды. Депутат Гуля Кожокулова прокуратура органы тарабынан токтотулган кылмыш иштеринин мындан кийинки абалына кызыгып, анын санын тактады. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков прокуратурадан тергөөнүн алынышы менен башка органдардагы тергөөчүлөрдүн жумушу көбөйөрүн айтып, штаттык бирдиктерди көбөйтүү сунушун берди.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоого алышты.

Мындан сырткары депутаттар КР президенти тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун да үчүнчү окууда колдоп беришти.

Ошондой эле "Элдик Курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Конституциялык мыйзам долбоору КР Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий