• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга чектөө киргизилет. ЖК мыйзам долбоорлорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "КР аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “КР укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзам долбоорлору аркылуу Кыргызстанда полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында полимерден жасалган бир жолу колдонулуучу таңгак пакеттерин импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууга багытталган чектөөчү чараларды киргизүү каралууда.

Пикир

Оставить комментарий