• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМ: Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу көзөмөлдө

Коом 0


Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Ички ишер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоодо. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин буйругунун талаптарын аткаруу максатында Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу, ошондой эс алууга келген меймандардын коопсуздугун камсыздоо менен кайгуулдоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Андан тышкары, кызматка чыгып жаткан кызматкерлерге командирлер тарабынан ар бир күнү мыйзамдуулукту бекем сактоо, жарандарга сылык, маданияттуу мамиле кылуу жана кесиптик этиканын нормаларын сактоо боюнча нускамалар ѳткѳрүүлүдѳ.

Пикир

Оставить комментарий