• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Өзбекстандан гумжардам катары келген унааларды берүү аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-мартта Бишкекте 20 автоунааны, А классындагы «Фольксваген Кэдди Карго» маркасындагы 10 унааны жана В классындагы ISUZU D-Max 4x2 маркасындагы 10 унааны берүү аземи өттү.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, унааларды гуманитардык жардам катары Өзбекстан тарап берген.

В классындагы тез жардам унаасы биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шаймандар менен жабдылган: редуктору жана нымдаткычы менен портативдик кычкылтек баллону, тонометр, фенондоскоп, желдеткич топтому, кычкылтек бет кабы, травма алган оорулуулар үчүн фиксация топтому, белинен жаракат алгандар үчүн жүлүн калкан, небулайзер, каталка отургучу жана каталка.

Планга ылайык, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна – 2, Кара-Суу аймактык ооруканасына – 1, Ош шаарынын тез жардам станциясына – 2, Сузак аймактык ооруканасына – 1, Талас үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна – 1, Панфилов жалпы дарыгерлер практика борборуна – 1, Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна – 1, Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна – 1, Кыргыз республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгына – 2, УКМКнын 9-кызматына – 1, Ноокат аймактык ооруканасына – 1, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборуна – 1, Талас облустук бириктирилген ооруканасына – 1, Сокулук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна – 1, Ысык-Көл облустук бүлөлүк дарыгерлер борборуна – 1, Ак-Талаа аймактык ооруканасына – 1, Бишкек шаардык ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборуна – 1 унаа бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий