• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мухтар Ауэзовдун "Абай жолу" китебинин кыргыз тилине которулган китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Бишкекте Мухтар Ауэзовдун "Абай жолу" китебинин кыргыз тилине которулган китебинин бет ачары өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшат Асылбаева,маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, Кыргызстандагы казак диаспорасынын өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты.

Аталган китепти кыргыз тилине медицина илимдеринин кандидаты Изиля Рахимова которгон.

Бул иш-чара кыргыз жана казак элдеринин адабият жана маданияттар аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган жана улуу казак акыны жана ойчулу Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүлүп жатат.

Эске салсак, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын базасында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Абайдын чыгармачылыгына арналган ар кандай тематикалык иш-чаралар, конференциялар, китептердин бет ачарлары үзгүлтүксүз өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий