• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте Темирбек Токтогазиевдин “Манастан алган беш китеп” китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 03.12.23./Кабар/. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында белгилүү манас изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин “Манастан алган беш китеп” аталышындагы китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Миталип Мамытов, Алиясбек Алымкулов, коомдук ишмерлер Дастан Сарыгулов, Карганбек Самаков, Турусбек Мамашев тарыхчылар, манасчылар, ж.б. илимий, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун атынан куттуктоо сөзүн айтып, "Манас" эпосун илимий жактан изилдеп, жайылтууда Темирбек Токтогазиевдин эмгеги зор экендигине токтолду.

"“Манас” эпосун изилдөө, жайылтуу жана даңазалоо иштерине салым кошуп, илимий чөйрөгө далилдеп келе жатканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз, “Манас” эпосунун бир канча варианттарын иликтеп, Кыргыз, Алтай, Хакас, Тажик, Казак, Кытай мамлекеттеринин кыйла жерлеринде болуп, чет жердеги бир канча Манас изилдөөчү окумуштуулар менен жолугушуп, буга чейин “Айкөл Манас – тарыхый инсан” деген китебиңиз жарыкка чыгарган элеңиз. Кытай жергесинде да болуп, бир топ өзгөчө маалыматтарды топтоп жүрөсүз. Ал тарыхый материалдар жана сүрөт топтомдору дагы да болсо далай тарыхый маалыматтар бар экендигин, нечен сырлар ачылбай жатканын, өзүбүздү тааныш үчүн көп эмгек, узак убакыттар сарпталаарын далилдеп турат.

Сиздин чыгарган китептериңиз окурмандардын сүйүктүү чыгармасына айланып, келечек ээлеринин Манаска болгон кызыгуусун арттырыт деп терең ишенем", — деди Чыңгыз Эсенгул уулу.

Белгилей кетсек, Темирбек Токтогазиев бир канча жылдан бери "Манас" эпосун иликтөө менен алектенип келет. Буга чейин "Манас" жаңырыгы телеканалы аркылуу Манас тууралуу көрсөтүүлөрдү, баяндоолорду көрөрмандарга тартуулаган.

Пикир

Оставить комментарий