• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык эки тасма Германиядагы эл аралык кинофестивалга катышууда

Маданият 0

Бишкек, 15.05.20 /Кабар/. Кыргызстандык эки тасма Германиянын Оберхаузен шаарындагы кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалына катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

13-май күнү фестивалдын ачылышы болгон. Быйыл кинофестиваль онлайн режимде өтүп жатат. Ал 18-май күнү жыйынтыкталат.

Фестивалдын сынактык программасына Кыргызстандын атынан эки тасма кирген: эл аралык сынакка Айжамал Акчалованын "Абзел" тасмасы жана балдар жана жаштар үчүн тасмалар сынагында Айдана Топчубаеванын "Аяна" тасмасы.

Пикир

Оставить комментарий