• 88.68
  • 95
  • 0.95

Анкарада "Кыргыз-түрк маданият жана адабият байланышы" конференциясы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда Анкарадагы Гази университетинде кыргыз-түрк маданият жана адабият ишмерлеринин катышуусунда “Маданият жана адабият байланышы" конференциясы өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Кыргызстандан коомдук ишмер Роза Айтматова, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, КР Эл артисттери Саламат Садыкова, Роза Аманова, Тынара Абдразаева жана Күмөндөр Абылов сындуу расмий өкүлдөр катышууда.

Конференцияда орток тарыхы жана бай маданияты бириктирген эки элдин маданият жана адабият жаатындагы байланыштар, келечектер, бирге иш алып барууга карата кадамдар жана Айтматовдордун коомчулук билбеген үй-бүлөсүнүн жашоосу тууралуу бир катар баяндамалар угулду.

Конференциянын алкагында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Чыңгыз Айтматов жана анын замандаштары" сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Конференциянын соңунда Ч. Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган "Шамбала" тасмасы көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий