• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Белгилүү обончу, композитор Темирбек Бердибаев дүйнө салды – некролог

Маданият 0

Бишкек, 09.11.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү обончу, композитор Темирбек Бердибаев 65 жаш курагында дүйгө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Бердибаев Темирбек Акматович 1955-жылы 31-мартта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.

1976-жылы Фрунзе шаарындагы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “Жогорку квалификакциядагы клубдун кызматкери, өздүк көркөм чыгармачылыгынын эл аспаптар оркестринин жетекчиси” деген адистикке ээ болгон.

Эмгек жолун 1976-1977-жылы Балыкчы шаардык маданият үйүнүн директору болуп баштаган. 1977-1978-жылдары Пржевальск шаардык маданият үйүнүн директору, 1979-1981-жылы Ысык-Көл облустук эл чыгармачылык борборунун ага методисти, 1981-1991-жылы Каракол шаардык музыкалык окуу жайынын мугалими, завучу, 1992-2005-жылы Каракол шаардык балдар музыкалык мектебинин директору, 2005-2009-жылы Ы. Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп эмгектенген.

Темирбек Бердибаевди кыргыз эли таланттуу обончу, режиссер катары билишет. Эл ичиндеги таланттардын башын бириктирүүдө анын эмгеги баа жеткис. Анын “Сүйүү барагы”, “Ысык-Көлгө бир элес”, “Ырыска чалкый Ысык-Көл”, “Апа жөнүндө ода”, “Караколум” сыяктуу элүүдөн ашуун обондуу ырлардын, романстардын жана балдар үчүн жазылган хорлордун автору.

Мындан сырткары, Ак-Суу районундагы “Боз Салкын” элдик ыр-бий ансамблинин алгачкы уюштуруучуларынын бири болуп, көп жылдар бою ансамблдин мүчөсү жана көркөм жетекчиси катары чет өлкөлөргө чейин барып, Кыргыз искусствосун даңазалоого зор салымын кошуп келген.

Жаштарды мүзыка өнөрүнө тарбиялоодо Каракол шаарында алгачкылардан болуп вокалдык-инструменталдык ансамблдерди түзгөн.

Бердибаев Темирбек Акматовичтин маданиятка сиңирген эмгектери жогору бааланып, 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамы, 1995-жылы “Манас-1000” эстелик медалынын ээси, 1998-жылы КР билим берүүсүнүн отличниги, 2010-жылы Борбор Азия көчө театрынын экинчи эл аралык фестивалынын дипломанты болгон.

Темирбек Бердибаев иштерман адис, мыкты устат, жарандык позициясы бекем, билими терең, адамдык парасаты бийик, көп кырдуу инсан болчу. Кыргыз маданиятынын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири Темирбек Бердибаевдин элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Пикир

Оставить комментарий