• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте «Кара июль» курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук тарых музейинде «Кара июль» курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Уюштуруучулардын айтуусуна караганда, көргөзмө өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүүгө жана вакцина алууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөйт. «Биз ошол кыйын мезгилде жардам көрсөткөн, кайдыгер эмес бардык жарандарыбызга дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, каза болгондорду эскергибиз келет. Ошондой эле бул окуялардын кайталанышына жол бербеш үчүн коопсуздук чараларынын маанилүүлүгүн эске салабыз», - деп баса белгилешти уюштуруучулар.

«Бул жерде коронавирус менен ооруган жарандарыбызга жардам берген медициналык кызматкерлердин сүрөттөрү. Маалым болгондой, Бишкек үчүн 2020-жылдын «кара июлу» пандемия маалындагы эң ооз убакыттардын бири болду. Июль айында жарандардын жана медициналык кызматкерлердин арасында илдеттен каза болгондордун көрсөткүчү абдан жогору болгон», - деп билдирди Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясат башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова.

Көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 11,12,13-январында Улуттук тарых музейинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий