• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салттуу музыка жумалыгы Ош шаарында уланат. Программасы

Маданият 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Салттуу музыка жумалыгы Ош шаарында уланат, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чара 25-25-апрель күндөрү өтөт.

24-апрель – Ыр күнү

Иш-чара Ош мамлекеттик университетинде саат 10:00дө илимий-практикалык конференция менен башталат. Конференциянын темасы: Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери. Андан соң масстер класс болот: Салттуу музыкалык искусстводогу регионалдык стиль. Башталышы саат 14:00.

Ыр күнү Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында "Кылым кайрыктары" аталыштагы концерт менен жыйынтыкталат. Башталышы саат 18:00

25-апрель – Салттуу музыка күнү

Жумалыктын жабылыш аземине арналган салттуу музыканы алып жүрүүчү искусство ишмерлеринин Гала-концерти өтөт. Иш-чара С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында саат 18:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий