• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тунгуч театры “Экспо -2017” маданий программасында спектакль коет

Маданият 0

Бишкек, 12- июнь /Кабар/. “Тунгуч” жаштар театры Султан Раевдин “Илегилек” спектакли менен Астанадагы«ЭСКПО-2017» эл аралык көргөзмөгө чакыруу алды.

Уюштуруучулар билдиргендей, Казакстандын борборунда «ЭСКПО-2017» көргөзмөсүнүн алкагында масштабдуу маданий иш-чаралар башталды. Программанын алкагында балет, вокал чеберлери жана шоу-бизнес өкүлдөрү чыгармаларын тартуулашат.

Белгилүү болгондой, конокторго белгилүү театр «Ла Скаланын” артисттери, Петербургдагы “Мариин” театрынын гастролу өнөр тартуулайт.

Ошондой эле, белгилүү ырчылардын жана топтордун аткаруусундагы концерттик программа болот. Алар: Пласидо Доминго, Швейцариялык Марус Стигер, итальялык ырчы Федерико Пачотти, франциялык пианист Девид Прай, Израилден келген виолончелисттер Миша жана Лилия Майскийлер, «Цирк Де Солейдин» шоу программасы, «Би-2» тобу, «30 SecondstoMars», «А-студио», «BlackStar», белгилүү ырчы Бритни Сприс, Крис Браун, Сан Ремонун жылдыздары.

Астанадагы маданий иш чаранын алкагында эл аралык театралдык фестиваль болот. Ага 10 мамлекеттен келген белгилүү театр талантттары чыгармаларын тартуулайт. Алардын арасында Кыргызстандык “Тунгуч” театры көрүүчүлөргө "Илегилек" спектаклин аткарып берет.

Белгилей кетсек, Султан Раевдин бул чыгармасы ушул жылдын октябрь айында өтө турган Лондондогу театралдык фестивалга чакыруу алган.

Пикир

Оставить комментарий