• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бир катар маданият өкүлдөрүнө Ч.Айтматов атындагы медаль тапшырылды

Маданият 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бишкекте көрүнүктүү маданият өкүлдөрүнө Ч.Айтматов атындагы медалды тапшыруу аземи өттү.

Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун катчысы Ассоль Молдокматованын айтымында, сыйлыктар маданият, билим берүү, илим, адабият жана искусство тармагындагы, улуттар менен улуттардын маданиятын жакындаштырып, өз ара байытууда, тынчтыкты жана достукту чыңдоодо, өнүктүрүүдө жетишкен зор ийгиликтери үчүн тапшырылды.

“Биз өздөрүнүн талыкпай зор эмгеги үчүн суктанууга жана урматтоого татыктуу 60 кыргызстандыктарды чогулттук”, - деди ал.

Сыйлыкты маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, жазуучунун карындашы Роза Айтматова, баласы Аскар Айтматов тапшырды.

Эскерте кетсек, 2008-жылдын 10-июнунда белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюрнберг шаарында дүйнө салган.

Пикир

Оставить комментарий