• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкекте манасчыларды эскерүү кечеси өтөт

Маданият 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Эртең, 17-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада манасчыларды эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

"Аталган эскерүү Балык Кумар уулунун 220, Жаңыбай Кожек уулунун 150, Молдобасан Мусулманкуловдун 135, Саякбай Каралаевдин 125, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгына арналат", - деп билдиришти министрликтен.

Уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, “Манас Эл” кыймылы жана “Көйкашка” коомдук фонду.

Пикир

Оставить комментарий