• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте акын жана котормочу Алымкан Дегенбаеванын китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Эртең, 12-октябрда Бишкекте акын жана котормочу Алымкан Дегенбаеванын “... Жаралган кезде жаңы ыр, Жаңыдан баштап жашоону тургансыйм, өмүр баш ийип...” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана тегерек стол өтөт. Бул тууралуу Улуттук китепканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө А.Дегенбаеванын китептери, макалалары, жайгаштырылды.

Көргөзмөгө акын-жазуучулар, ардагерлер, маданият кызматкерлери жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Акын, котормочу Алымкан Дегенбаева 1941-жылы 12-майда Москва районунун Беловодск айылында туулган. 1961-1967-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

А. Дегенбаева 1958-жылдан алгач фабрикада тигүүчү, cүрөтчүлөр үйүндө килемчи, республикалык Эл чыгармачылык үйүндө машинистка, мектепте мугалим, Ош пединститутунда лаборант, китепканачы, окутуучу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси, Кыргыз мамлекеттик драма театрында жана Чуй облустук Шаршен атындагы театрда адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эмгектенген.

А.Дегенбаеванын чыгармачылыгы 1962-жылы башталып, алгачкы «Кы­зыл мончок» аттуу ырлар жыйнагы 1972-жылы жарыкка чыккан. Ошол эле ырлар жыйнагы «Советский писатель» басмасынан «Красные бусы» деген ат менен орус тилинде 1984-жылы басылып чыккан.

А.Дегенбаеванын чыгармалары украин, өзбек, казак тилдерине которулган. 1975-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери». В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган.

Китеп-сүрөт көргөзмө эртең, 12-октябрда саат 14.00дө Улуттук китепкананын Кыргыз-Түрк адабият борборунун Ч. Айтматов атындагы залында болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий