• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алай-Куу өрөөнүндө заманбап китепкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Кечээ, 10-октябрда Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылында мурдагы маданият министри, эл аралык “Руханият” ассоциациясынын негиздөөчүсү Акун Токтосартовдун айылында китепкана ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлинин басм сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылышка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты.

Кайрат Иманалиев мындай заманбап китепкананын ачылышына жана айыл жеринде элеттик жаштар үчүн билимдин жана маданияттын борборуна айлана турган демилгелердин колго алынышын Маданият министрлиги колдой тургандыгын белгилеп, китепкана фондусуна 200 миң сомдук китеп тапшырды.

Министр өз сөзүндө Акун Токтосартовдун жалпы маданият тармагына кошкон салымын, анын искусстводогу ордун баса белгилөө менен, айыл элин мындай билим казынасынын кайрадан жаңыртылып ачылышы менен куттуктап, Акун Токтосартовдун үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, 2019- жылы Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл өкмөтүнүн токтому менен Көңдүк айылынын китепканасына Акун Токтосартовдун ысымы берилген. Уулу Камалдин Токтосартов эски китепкананы кайрадан жаңылап, толук жабдуулап колдонууга берилди.

Акун Токтосартов Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылында төрөлгөн. Ал мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы Республикалык маданий-агартуу окуу жайын, Ош мамлектеттик педагогикалык институтун, Алма- Атадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

1965-1977-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинин жооптуу кызматкери, 1977-1985-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин адабият жана искусство боюнча сектор башчысы, 1985-1991-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинин биринчи орун басары, маданият министри, 1992-1994-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик филармониянын директору, 1994-1997-жылдары "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөдө "Манас айылы" тарыхый-маданий комплексинин курулушун жетектеген. 1992-жылдан 2013-жылга чейин өзү негиздеген «Руханият» ассоциациясынын президенти болгон.

Акун Токтосартов 40 жылдан ашуун жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий