• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда айтматов таануу илими пайда болду

Маданият 0

Ташкент, 11.03.21. /Кабар/. Өзбекстанда жаңы илим – айтматов таануу пайда болду, ондогон изилдөөчүлөр улуу жазуучунун чыгармалары боюнча илимий изилдөө жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу “Айтматовдун чыгармалары өзбек окумуштууларынын изилдөөсүндө” аталышындагы тегерек столдо Ч.Айтматов академиясынын академиги, “Чынгыз Айтматов жана Өзбекстан” туруктуу көргөзмөсүнүн директору, белгилүү өзбек публицисти Ахмаджон Мелибоев билдирди.

Анын айтымында, улуу жазуучу жана коомдук ишмер Ч.Айтматов кыргыз элинин гана эмес, жалпы түрк тилдүү өлкөлөрдүн, анын ичинде өзбек элинин сыймыгы. Ч.Айтматов аймактын тынчтыгы, анын өнүгүп-өсүүсү, элдердин ортосундагы тилектештикти жана достукту бекемдөө үчүн жанын аябастан эмгек кылган, аларды тышкы коркунучтардан жана чакырыктардан коргогон.

“Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин тарыхында жаңы доор башталып жаткан ушул күндөрдө Ч.Айтматовдун өлбөс-өчпөс көркөм мурасы биздин элдер учун маанилүү жол көрсөткүч болуп калат. Анын гуманизм жана жакшылык идеяларын, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды, ар башка улуттардын жана элдердин өз ара урматтоосун жана тилектештигин чыңдоого багытталган шедеврлери эч качан актуалдуулугун жоготпойт”,-деди А.Мелибоев.

Өзбекстандын улуттук университетиндеги “Чынгыз Айтматов жана Өзбекстан” туруктуу көргөзмөсү 2018-жылы президент Шавкат Мирзиёевдин атайын жарлыгы менен улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине арналып түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий