• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сак болуңуз! Бир сааттын аралыгында Бишкекте катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бир сааттын аралыгында Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, түштүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий