• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Украинадан Венгрияга 107 кыргызстандык эвакуацияланды — элчи

Коом 0


Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Киев убактысы боюнча саат 13:00дө чогултуу пунктунан Кыргызстандын 107 жараны Венгрияга эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, 107 кишинин 34ү жашы жете элек балдар. “Ак жол каалайбыз!” - деп жазган дипломат.

Пикир

Оставить комментарий