• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Кыргыз эл артисти Улукмырза Полотовдун 80 жылдык мааракеси белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 04.10.23./Кабар/. Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти, профессор, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Улукмырза Полотовдун 80 жылдык юбилейине карата “Улуу устат Улукмырза” аттуу шакирттеринин коштоосундагы маараке концерт өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук жана маданий ишмерлер, күйөрмандар жана Улукмырза Полотовдун жакындары катышты.

Концерттин жүрүшүндө Улукмырза Полотовдун ырларын шакирттери жана шакирттери менен бирге өзү дагы ырдады. Кыргыз сахнасындагы ырчылардын 80-90 пайызы Полотовдун шакирттери.

Улукмырза Полотов 1943-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук деген айылында туулган.

Ал М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын, Б.Бейшеналиева атындагы КМИУни бүтүргөн. Педагогикалык жана чыгармачылык ишмердиги студент кезинде эле башталган. Ал 1994-жылдан баштап азыркы кезге чейинки аралыкта Б.Бейшеналиева атындагы КМИИде, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу, Т.Сатылганов атындагы филармониянын солисти болуп иштеген.

Жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Элдик устат-шакирт салттарына жана дүйнөлүк академиялык стандартка таянган методикага негизделген автордук мектепти түзгөн.

УТРКнын Алтын казынасынын фондусунда Полотовдун аткаруусунда 100дөн ашуун ыры бар.

Пикир

Оставить комментарий