• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган кереге-кеңеш өттү

Маданият 0

Бишкек, 18.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 18-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Улуу манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган “Жусуп Мамай – эки доордун залкар манасчысы” аттуу кереге кеңеш болду. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КР УИАнын окумуштуулары, ЖОЖдордун окутуучулары, манасчынын небереси Тургунаалы Жусуп Мамай тегин жана манасчынын чыгармачылыгын изилдеген адис-окумуштуулар катышты. Залкар манасчынын өмүр-таржымалы, чыгармачылыгы тууралуу баяндамалар окулуп, резолюция кабыл алынды.

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Манас таануу, фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери Гүлбара Орозова совет мезгилинде Ж.Мамай жазгыч манасчы катары каралып келгенин айтып: “Анын чыгармачылыгын изилдөө Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин гана башталды. Алгач кытай окумуштууларынын эмгектери аркылуу кеңири маалыматтарды алып келсек, кийин биздин окумуштуулар изилдөөгө өтүштү. Манасчынын жашаган мезгили, ошол кездеги тарыхый кырдаал аркылуу кыргыз эли өзүнүн этнопедагогикасын, каада-салтын изилдөөгө мүмкүнчүлүк алат. Андан сырткары анын вариантындагы “Манас” эпосу, оозеки чыгармачылыктын башка жанрларын да мыкты айткандыктан, аны да кошуп эки тарабынан алып изилдөөгө болот”, – деди.

Ал эми тарыхчы Кыяс Молдокасымов Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө КР Өкмөтүнүн токтому чыкканын, эми Президенттин Жарлыгы гана калганын белгилеп: “Улуттук илимдер академиясы, “Мурас” фонду жана ЖОЖдор менен биргеликте күз айларында манасчынын мурастарына арналган чоң масштабдагы илимий жыйын өткөрүүнү пландап жатабыз. Андан сырткары, Бишкек шаарына залкар инсандын айкелин орнотуу, көчөгө атын берүү сыяктуу демилгелер да бар”, - деп кошумчалады.

Кереге-кеңеш КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулду.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын эл артисти, I даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо конушунда туулган.

Манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши үч ирет колго алынып, 1983-жылга чейин жүргүзүлүп аягына чыккан. Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миңден ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат. 1984-жылы манасчынын варианты боюнча "Манас" бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.

Жусуп Мамайдын вариантында окуялардын берилүү тартиби, баяндоо ыкмалары боюнча өз алдынча вариант экендигин баса көрсөтүп турат. Ошондой эле жер-суу аттарында жана образдар системасында айырмачылыктар бар. Көркөмдүк жагы да башка варианттардан кем калышпайт. Дагы бир өзгөчөлүгү башка варианттардагы баатырдыкты даңазалоочу эпикалык пафос толук сакталбаса да берилип, турмуштук окуялар басымдуу айтылат.

Пикир

Оставить комментарий