• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Эгемендүүлүк” даректүү тасмасы жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. “Эгемендүүлүк” аталышындагы даректүү тасма жарык көрдү. Тасма GM Entertainment компаниясынын базасында өндүрүлүп чыгарылган. Бул тууралуу даректүү тасманын режиссеру Каниет Дубаев билдирди.

“Даректүү тасма Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү күндү чагылдырган визуалдык баяндама. Тасма 31-август — өлкөнүн эгемендүүлүк күнүндө Ош шаарында өткөрүлгөн масштабдуу маарекени мисалга алып, бардык түзүмдөрдүн жана жарандардын макулдашылган ишинин мыкты натыйжаларга жетишүүгө тийгизген таасирин изилдейт. Бул киноматографиялык долбоор ар бир адамдын маанилүүлүгүн жана алардын жалпы өнүгүүгө кошкон салымын көрсөтөт”, - дейт Дубаев.

“Эгемендүүлүк” даректүү тасмасы — эгемендүүлүк күнүн эле эмес, коомдук кызматташуу, бир максатка умтулуу улуттун келечегин кандайча өзгөртө аларын баяндайт. Тасма 90 күндүн аралыгында Ош жана Бишкек шаарларында тартылган.

Тасманын авторлору Союзбек Надырбеков жана Мирбек Кожоев. Режиссеру Каниет Дубаев, аткаруучу продюсери Калыс Майрамбек уулу, оператор-монтажеру Улукбек Бердалиев, графикалык дизайн монтажеру Мирлан Нурбеков.

“Эгемендүүлүк” даректүү тасмасы GM Entertainment компаниясынын ютуб баракчасына жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий