• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргыз драма театры "Төлгө" спектакли менен 96-сезонун расмий жапты

Маданият 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-сезонун расмий жапты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, бул күнү театр сүйүүчүлөрүнө Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли тартууланды.

Театрдын сезондук жабылуу аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов катышып, министр Алтынбек Максутовдун куттуктоо сөзүн окуду.

Театрдын директору Асылбек Өзүбеков театр күзүндө кайрадан күйөрмандар менен жолугарын билдирип, чыгармачыл жамаат күзгө чейин жаңы спектаклдерди жаратуунун үстүндө иштээрин кошумчалады.

Ал эми буга чейин 16-17-18-июнь күндөрү аталган театрда Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде коюлган "Ашуу" спектаклинин премьерасы болгон.

Пикир

Оставить комментарий