• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта милиция камактагы аялды күйөөсү менен мейманканада жолуктуруу үчүн пара алган

Коом 0


Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Сокулук районунун ички иштер бөлүмунүн Убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Сокулук РИИБнин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле КР жарандары Э.А. жана А.Ж. кармалды.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2023-жылдын 19-июнунда милиция кызматкери С.А. Бишкек шаарынын Тергөө камак жайына камакка алынган Э.А. аттуу жаранды Сокулук райондук сотуна соттук териштирүүгө катышууга алып чыгып, кайра кайтып келе жаткан учурда, камакка алынган Э.А.нын жарандык күйөөсү А.Ж.дан милиция кызматкери акчалай сыйлык үчүн Соттук отурумдан кийин Сокулук районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде камакка алынган Э.А. менен жолугушууну сүйлөшүп алганы аныкталып, ошол жерден кармалышкан.

Сокулук РИИБдин кызматкерин КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий