• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери бир күнгө жабылат

Коом 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркештам" көзөмөл-өткөрүү бекеттери 22-июнда убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер Кытайдагы "Дуань-у" майрамына карата жабылат.

Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 23-июнда калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий