• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто диний сабак өткөрүлгөн бала бакчанын директору милицияга пара берүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Ошто диний сабак өткөрүлгөн бала бакчанын директору милицияга пара берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБдин менен "луттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери биргеликте "Би-Би" аталыштагы балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн текшеришкен. Анткени, буга чейин интернет тармагына аталган балдар бакчасында башка улуттун кийимдерин кийгизип, диний сабактар өткөрүлүп жатканы тууралуу видео тараган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 19-январда бала бакчанын жетекчиси 1970-жылы туулган Ф.Х. өз кызыкчылыгын коргоп, жогоруда аталган фактылар боюнча текшерүү иштерин токтотууну көздөп милиция кызматкерлерине 20 миң сом пара сунуштап, аны берип жаткан жеринен карпмалды. Пара берүү учуру фото-видео менен тастыкталган.

Азыркы учурда аталган факты боюнча Ош ШИИБнын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш кодексинин 354-беренеси ("Пара берүү") менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий