• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок

Президент 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок, коркунуч да жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинди билдирди.

Мамлекет башчысы тышкы карызга байланыштуу узатылган суроого жооп берип жатып, мурда алынган карыздар өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулбагандыгын, кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткендигин баса белгиледи.

"Акыркы убактарда Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыздар болсо туура эле алынган. Бизге бул долбоорлор керек болгон. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болгон, уурдалган. Бул долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Демек, өзүн-өзү актоо мөөнөтү кыска болмок", - деди президент.

Садыр Жапаров азыр эми ошол карыздарды төлөө мөөнөтү келип, төлөй башташкандыгын билдирди.

Президенттин айтымына таянсак, Кыргызстан 2035-жылга чейин мурдагы алынган карыздарды төлөп бүтөт.

"Айрым жарандарыбыз "эки-үч жылда эле төлөп салабыз дебедиңер беле, кана төлөгөнүңөр?!" деген сындарды айтып жатышпайбы. Бардык резервдерибизди топтоп, төлөп салсак болот.

Азыр мамлекетибиздин күч-кубаты жетет. Мурда андай эмес эле, аны жакшы билесиңер.

Бирок карыз алып жатканда, макулдашууда "эгер мөөнөтүнөн мурда төлөйбүз десеңер, анда үстөк пайызы алда канча жогору болот" деген шарттары бар экен. Ал бизге пайдасыз, ашыкча чыгым болуп калат. Ошол үчүн өз убагында эле төлөп бүтөбүз. Андан коркунуч жок. Себеби бюджетибиз канча эсе көбөйгөнүн көрүп турасыздар. Мурда бюждетибиз алсыз болгондуктан, чындыгында эле, сырткы карызыбызды кантип төлөйбүз деген коркунуч бар болчу.

Азыркы алып жаткан сырткы карыздарыбыз кайсы долбоорго, кандай шарт менен, кайсы мөөнөттө өзүн-өзү актаарын тактап, “жети өлчөп, бир кесип” анан алып жатабыз", - деп түшүндүрдү өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий