• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 2023-жылдын жыйынтыгы менен ИДП жан башына 2 миң долларга жакынды түзөт

Экономика 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. 2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң доллардытүзүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылга карата экономикалык көрсөткүчтөр жаңы ыкмалар боюнча кайра каралып, анын жыйынтыгында өсүү темпинин көрсөткүчү өскөн. Андан кийин 2023-жылга карата эмес такталды.

Ошентип, экономиканын өсүү темпинин өзгөрүшү продукцияга таза салыктардын көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталган, анын ИДП түзүмүндөгү үлүшү 13,8%дан 16,9%га чейин өскөн.

"2022-жылы азык-түзүккө таза салыктын үлүшү кайра эсептөөнүн негизинде өсөн. Бул үлүш 2023-жылдын декабрында ИДПны баалоодо колдонулду. 2024-жылдын январында 2022-жылга карата фактылык көрсөткүчтөрдү кайра эсептөө аягына чыгып, анда такталган маалымат боюнча ИДП 1 трлн 20 млрд сомду түздү. Бул алдын ала эсептөөлөр боюнча түзүлгөн маалыматтарга салыштырмалуу дээрлик 50 млрд сомго көптүк кылат", - деди министр.

Ошентип, анын маалыматы боюнча, ИДПнын реалдуу өсүү темпи алдын ала эсептөөлөрдүн негизинде мурда жарыяланган 6,3% эмес 9% түздү.

Анын негизинде азык-түлүккө таза салыктын өсүү темпи кайра эсептелип, көрсөткүч 103,3%дан 115,2%га өстү. Бул кайра эсептөө 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат көрсөткүчтөрүн баалоодо колдонулуп, анда 11 айдын жыйынтыгы менен өсүү 3,1%дан 12,1%га чейин жетти.

Жогоруда айтылгандардын негизинде 2022-жылы ИДП жан башына 1740 долларды түздү. 2023-жылы Экономика министрлигинин баалоосу боюнча, ал 1970ти түзөт. Амангелдиевдин айтымында, акыркы эсептөөлөрдү Улуттук статистикалык комитет февраль айында көрсөтөт жана анда 2 миң доллардан да жогору болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий