• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жыл башынан бери калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифи дээрлик 4%га жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-майында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жалпы республика боюнча калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифи дээрлик 4 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, ушул мезгил ичинде баалардын жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары - дээрлик 14%га, анын ичинде аба жол жүргүнчү транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүндө - 2,7 эсеге, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөрдө - 6,8%га, бут кийим оңдоодо - 4,3%га, кийим тигүүдө - 4,1%га, турак жайларды күнүмдүк күтүү жана оңдоодо - 3,4%га жана маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдө - 0,5%га эң чоң өсүшү катталды.

Пикир

Оставить комментарий