• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эргешов: 2023-жылы Нарын облусунун бардык тармагында өсүш болду

Аймак 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Нарын облусунун бардык тармагында өсүш болду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлү Алтынбек Эргешов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Эргешовдун айтымында, облуста өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 4 млрд 675,2 миллион сомго жетип, өсүү темпи 114,7% түздү.

Облус боюнча 1746,7 миң тонна көмүр казылып, өткөн жылга салыштырмалуу 38,5 миң сомго көп казылды. Ошондой эле 187,3 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 4,3 млн кВт саат электр энергиясына көп өндүрүлдү.

"Өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багытында 65 чакан ишкана ачылып, 730 жаңы жумушчу оруну түзүлдү. Былтыркы жылга салыштырмалуу 599 жумуш орду көп пайда болду", - деп билдирди Эргешов.

Облустун аймагында өндүрүштү жандандыруу негизги максаттардын бири болгондуктан өнөр жай тармагында ички рыноктун керектөөлөрүн көмүр менен камсыз кылуу максатында Жумгал районунун "Акулак" участкасында кыргыз-кытай биргелешкен "Шанси Коал Инвестмент" ишканасы ачылып, кɵмүрдүн кубаттулугун байыттуучу фабриканын курулуш иштери жүрүүдө.

Учурда компания тарабынан 2 млн 500 миң АКШ долларлык 30 (40 тонналык 25 самосвал, 5 эксковатор) даана техника алынып келинип, кызмат кылууда.

Мындан тышкары, “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, иш алып барууда.

Облустун потенциалына ылайык жалпы кубаттуулугу 100 мегаваттык 450 млн квт/саат электр энергия өндүрүүчү "Куланак ГЭСин" куруу иштери башталып, ГЭСтин ишке берилиши менен жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, облустун электр энергиясына болгон керектөөсүн камсыздоого шарт түзүлөт. Ошондой эле 65 мегаваттык Куланак-2 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу пландалууда.

Айыл чарба жерлерин кошумча өздөштүрүү максатында мамлекет тарабынан өзү агып чыгуучу “Куланак” каналын курууга 414 миллион сом каралды. Куланак ГЭСинин ишке берилиши менен Куланак каналы дагы ишке берилет. Каналды ишке киргизүү менен 7200 гектар жерге суу жетип, 2212 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Облустун жана республиканын энергетикалык, экспорттук жана инвестициялык потенциалын жогорулатуу максатында “Датка-Кемин-Нарын-Торугарт-Кытай” 500 килловольттук ЛЭП долбоорун ишке ашыруу пландалууда.

Ошондой эле, “Солтон-Сары” алтын кенинин ишмердүүлүгүнө толук көзөмөл жүргүзүлүп Эмгекчил, Миң-Булак айылдарынын фонддоруна социалдык пакет катары жыл сайын 50 млн сомду түшүрүү менен айылдын инфраструктурасын жакшыртуу долбоору ишке ашырылууда.

Кочкор районунун Кочкор айылындагы бут кийим чыгаруучу фабрика ишке берилип, 40 адам жумуш орду менен камсыз болду. Күнүнө 1000ге чейин бут кийим түгөйлөрү чыгарылып, экспортко даярдалууда.

Жумгал районунун Чаек айылына “Жумгал суу курулуш” ЖЧКсы тарабынан 18 млн сомго, кубаттуулугу саатына 30 м3 бетон чыгаруучу завод ишке берилди.

Белгилей кетсек, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери үстүбүздөгү жылдын 22-26-январь күндөрү аткарылган иштер, алдыдагы пландар боюнча маалымат берүүдөн тышкары окуу семинарларга катышат.

Пикир

Оставить комментарий