• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Афганистанга 111 тонна гуманитардык жардам жеткирди

Коом 0


Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Кыргызстан Афганистанга 111 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өткөн жылдын 7-октябрында Афганистанда болгон табигый кырсыктын кесепети өлкө элине бир кыйла оорчулук келтирди. Андыктан Кыргызстан реалдуу жардам көрсөтүүнүн конкреттүү кадамдарына барууда.

Өлкө жетекчилиги бийик трибуналардан Афганистан менен алаканы бекемдөө зарылдыгын, аларга көмөк көрсөтүү демилгесин айтып, дүйнө коомчулугунун көңүл буруусуна коңгуроо кагууда.

Алсак, 2023-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун 75-сессиясында мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан Афганистандын тынч жана бакубат, туруктуу жашоосуна кызыкдар экендигин билдирүү менен кайрылуу жасаган. Ал эми өткөн жылдын 9-ноябрында Ташкент шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмунун Саммитинде, 20-ноябрда Минск шаарында өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусунда ооган элине гуманитардык жардамдарды берүү чакырыгы менен дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган.

Президенттин демилгеси менен зилзаладан жабыркаган өлкөгө Кыргызстандан 111 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. “Жардам кербенин” уюштуруп, ак жол тилеген министр, генерал-майор Бообек Ажикеев 2023-жылдын 29-ноябрында Ош шаарынан узатты. Ошентип ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жетектеген куткаруучулар курамынан турган "жардам кербени" бир нече күндүк узак сапарга чыгышкан.

11 жүк ташуучу унаа менен 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, жууркан-төшөк, ошондой эле Эл аралык Жарандык коргонуу уюму тарабынан 1 миллион сомго кийим-кече жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү каражаттар топтому Өзбекстан аркылуу 2 күн жол жүрдү. Алгач эки мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар министрлери “жардам кербенин” Өзбекстан аркылуу коопсуз өткөрүүнү алдын ала макулдашышкан.

Ооганстандын "Хайратон" чек ара өткөрүү бекетинен Кыргызстандын убактылуу өкүлү Данияр Жолчиев тосуп алып, Герат шаарына чейинки провинция жетекчилерине жолугушууларды уюштуруп, куткаруучулар өз мекенине кайткыча коштоп жүрдү.

Дээрлик, 2700 чакырым жол жүргөн кыргыз куткаруучулары “жардам кербенин” 5-декабрда көздөгөн жерине Герат шаарына жакын жайгашкан Фаизабад кыштагынын жашоочуларына тамак-аш, кийим-кечелерин жана башка буюмдарды таркатып, медициналык жардамдарын беришти. Ал эми жардамдын калган бөлүгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылды.

1-декабардан 9-декабрга чейин Ооган өлкөсүндө жет титирөөдөн жабыркагандарга Кыргыз Республикасынын “жардам кербени” өзүнүн миссиясын ийгиликтүү аткарып, мекенине кайтышты. Бул күндөрү кыргыз куткаруучуларынын коопсуздугун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алып турду.

Эске салсак, өткөн жылдын 7-октябрында Иран жана Түркмөнстан чек араларына жакын жайгашкан Герат провинциясындагы табигый кырсыктан 2 миңден ашуун адам каза болуп, 10 миңге жакыны жабыркап, миңдеген турак-жай жараксыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий