• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кыргызпатент” “Мыкты инновациялык долбоор” сынагы тууралуу эскертти

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. “Кыргызпатент” “Мыкты инновациялык долбоор-2017” сынагын өткөрүү тууралуу эскертет.

Сынактын максаты:

Келечектүү инновациялык долбоорлорду жана эмгектерди аныктоо;

Республикада инновациялык ишмердикти активдештирүү;

Инновациялык долбоорлорду ички жана тышкы рынокто жайылтууга аракеттешүү.

Сынак төмөнкү багыттар боюнча өтөт:

Өнөр жай;

Айыл чарба;

Медицина;

Курулуш;

Маалыматтык технологиялар ж.б.

Сынакка өз идеяларын иштеп чыккан, аны коммерциялык ишке ашырууга кызыкдар, патент, күбөлүгү бар физикалык жана юридикалык жактар катыша алышат.

Ар бир сынактык долбоорго тиешелүү үлгүдөгү билдирме тиркелиши керек. Билдирмелер Бишкек ш., Москва к. 62, e-mail: konkurs@patent.kg дареги боюнча кабыл алынат.

Кененирээк маалымат www.patent.kg сайтында же (0312) 68-16-01 телефону аркылуу алса болот.

Билдирме берүү мөөнөтү 2017-жылдын 15-майына чейин.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга гранттар сунушталат. Жеңүүчүлөрдүн саны жана гранттын суммасы долбоорлордун суроо-талаптарын жана сынактын жыйынтыгын эске алуу менен аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий