• 88.68
  • 95
  • 0.95

Милиция жарандарды телефон шылуундарынан сак болууга чакырат

Аймак 0


Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облустук милициясы жарандарды телефон шылуундарынан сак болууга чакырат.

Ысык-Көл ОИИБден маалымдашкандай, акыркы мезгилде алдамчылыктын көп кездешчү түрлөрүнүн бири – уюлдук телефон жана интернет аркылуу алдамчылык болууда. Тактап айтканда, жыл башынан бери уюлдук телефон шылуундардын курмандыгынан жабыркаган 13 жаран милицияга кайрылган. Анын 4 учурунун бети ачылган. Бүгүнкү күндө ачылбаган 9 кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ушундай уюлдук телефон шылуундардын курмандыгына кабылбаш үчүн, Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы, бул кылмыш түрүнүн эң кеңири тараган ыкмаларын, жарандардын эсине салат.

Телефон менен алдоо:

Сизге белгисиз номерден телефон чалып, бир тууганыңыз кырсыка учурап, аны милициядан бошотуу үчүн пара беришиңизди айтышат. Эсиңизде болсун, сиз алдамчы менен сүйлөшүп жатасыз!

Лотореядан утуп алуу:

Сизге чоң утуш жөнүндө уюлдук телефон аркылуу чалышат, же SMS жиберип, утушту алуу үчүн, салык төлөөнү өтүнүшөт. Бул алдамчылардын амалы.

Интернет тармактагы алдамчылык:

Товарды алуудан, кызмат көрсөтүүдөн, же жумуш табууга жардам берүүдөн мурун алдын ала төлөм жүргүзүү керек болгон интернет тармактарга ишенбеңиз. Онлайн банкинг эсебиңизге кирүү үчүн эч качан сырсөзүңүздү бербеңиз.

Банк картасын бөгөттөө:

Банк картасын бөгөттөө тууралуу уюлдук телефон аркылуу келген билдирүү - алдамчылардын негизги ыкмаларынын бири. Акча каражаттарыңызды жоготуп албаш үчүн, алар жакынкы банкоматка барып, бардык акча каражатыңызды жаңы эсепке которууну суранышат. Мындай учурда акча каражаттарыңыз алдамчылардын эсебине түшөт!

Ар бир адам алдамчылардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Шылуундар ар дайым жаңы алдоонун ыкмаларын ойлоп табышат, алардын ар биринин аягы бир – жаран өз акчасын жоготот. Өзүңүздү шылуундардан коргоо абдан оңой. Сиз негизги эрежелерди эсиңиздерден чыгарбашыңыздар керек:

- Кырсыкка имиш кабылган таанышыңыздын туугандарына, же алардын досторуна сөзсүз кайра чалыңыз;

- Башка банктык эсептерге жана тааныш эмес уюлдук телефон номерлерине акча каражаттарын которбоңуз;

- Бейтаныш жана чочун адамдарга экспресс төлөм картаңыздын кодун айтпаңыз;

- Байге алуу үчүн бейтааныш адамдардын көрсөтмөсү боюнча “атайын коддорду” киргизбеңиз;

- Кандай учур болбосун, алдамчылык фактысын милицияга билдириңиз.

Негизинен, шылуундар башка аймактардан телефон чалышкандыктан, аларга тактоо суроолорду берүү, сизди алдамчылыктын амалдарына түшүп калбоого жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий