• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров президенттин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин 2023-жылда жасаган иштери боюнча отчетторун жана 2024-жылга карата иш-пландарын угуп, сөз сүйлөдү.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы президент Садыр Жапаров башында турган 3 жылдан берки башкарууда өлкө экономикасынын реалдуу секторунда, тышкы сектордо, мамлекеттик финансыдагы жетишкендиктерге токтолуп, быйыл административдик-территориалдык реформа жүргүзүүдө өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди.

“Быйылкы ишибиздин башкысы – административдик-территориалдык реформа. Азыр бардык маселелерди айтып талкуулап, сурап, чечип кетиңиздер. Бул реформа экономикалык жактан өнүгүүбүзгө чоң түрткү болот. Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет, ага карата бардык жерде көзгө көрүнөөрлүк 100 иш аткарылсын”, - деди Акылбек Жапаров.

Өнүктүрүү фонддору боюнча өзгөчө сөз болушу керектигин айткан МинКаб Төрагасы облустун жана райондун өнүктүрүү фонддоруна жалпысынан 2,8 млрд сом келип түшүп, анын 1,7 млрд сому жумшалганын билдирди.

““Өнүктүрүү фонддору” деп аты эле айтып тургандай, каражаттар өнүктүрүүгө гана жумшалсын. Юбилей-тойлорго кетти деген сөздөр болбосун! Пайдалуу иштерге жумшалышын контролго алгыла, багыт бергиле. Кыргыз-орус, өзбек, венгер фонддоруна жана кепилдик фонду сиздерде кандай долбоорлор өтөт, алар кандай формада жазылышы керек, кандай пункттарына көңүл буруу маанилүү – булар боюнча аймактарга ушул күндөрү үйрөтүңүздөр”, - деди ал.

Акылбек Жапаров быйыл – 250 миң жумуш орундарын түзүү, бул башкы артыкчылык болушу керектигин билдирди.

“Ар бир ишкердин, инвестордун артынан чуркоо керек. Эмгек ресурстарына болгон мамилебизди түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу учуру келди. Биздин динамикалуу экономикабыз жумушчу колдорго муктаж, жетишпейт жатат. ЖОЖдордун алдында квалификацияны жогорулатуучу жана кесиптик-техникалык курстарды ачуу зарыл. 16 жаштан 60 жашка чейин бардык каалоочулар жаңы квалификацияга ээ болушу керек”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, жыйынга аймактардагы жогорку окуу жайлардын ректорлору да чакырылган, алар облусту өнүктүрүү боюнча маалымат берүүдө.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышын мындан ары дагы жакшыртуу үчүн аймактарда өндүрүш ишканаларын жандантуу, ошондой эле Салык кызматы жетиштүү деңгээлде ККМ менен камсыз кылуусун тапшырды.

Ошондой эле, жер мунапысынын алкагындагы иштер – бул президенттин тапшырмасы деген министрлер кабинетинин төрагасы бул багытта 140 миңден ашык арыз келип түшкөнүн анын 50% канааттандырылганын билдирди.

“Акимдин орун басарлары, комиссия башчылары, негизи эле бардык тиешелүү кызматкерлер бир да коррупцияга аралашпасын жана келип түшкөн арыздарды тезинен карап, чечип берип турушсун. Ал эми айдоо жерлерине токтолсом 42 миң 567 гектар жер айдалбай калды. Көйгөй – сугат суу. Бул максатта ирригацияга былтыр 1 млрд, быйыл 2,2 млрд сом карап жатабыз. Сиздер тараптан да алгылыктуу иштер болушу керек”, - деди ал.

Акылбек Жапаров документтер менен иштөө иштерине да токтолуп жатып, элдин берген баасы баарынан жогору тураарын билдирди.

“Кызматкерлерге карата коомдогу нааразычылыктарда өлкөдө киргизилип жаткан санариптик системалардын иштеши маанилүү. Маселен, “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча ишин жакшы көрсөтө албаган райондорду белгилеп кетсем Ала-Бука, Жайыл, Алай, Аламүдүн, Ак-Талаа райондорунда мөөнөтү өтүп кеткен документтер көп. Системага толук кирбегендиктен, элге мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө нааразылыктар жаралат. Ошондуктан акимдердин ишин баалоодо буга да көңүл буруңуздар”, - деди Акылбек Жапаров.

Алдыда амбициялуу көп иштер турганын айткан министрлер кабинетинин төрагасы иринчи кезекте адам капиталы күчтүү болушу керектигин, айрыкча ар бир жетекчи билбегенин сурап, билгенин башкаларга үйрөтүү жолунда болушу керектигин билдирди.

“Региондогу элге мамлекетибиздеги жасалып жаткан иштерди, президентибиздин жетишкендиктерин, пландарыбызды жакшылап жеткириңиздер. Ар бириңердин артыңарда элибиздин тагдыры жана келечеги турат”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери үстүбүздөгү жылдын 22-26-январь күндөрү аткарылган иштер, алдыдагы пландар боюнча маалымат берүүдөн тышкары окуу семинарларга катышат.

Пикир

Оставить комментарий